Манчестер университетинин окумуштуулары микротолкундуу меш адамзаты үчүн канчалык зыян экенин аныкташты. Мындай маалымат аталган университеттин расмий сайтына жарыяланган.
"Микротолкундуу мештен жылына иштелип чыккан көмүртектин диоксиди 6,8 миллион автоунааныкына барабар. Бул көрсөткүч бара-бара глобалдуу жылуулукка алып келет", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле микротолкундуу мешти керектүү учурда гана пайдаланып, калган убакытта аны электр тогунан сөзсүз түрдө сууруп коюу керектигин кошумчалашкан.