Канададагы Electra Meccanica ишканасы шаар ичинде жүрүүчү чакан электромобиль чыгарды. Чет элдик маалымат каражаттарынын жазып чыкканына таянсак, 3 дөңгөлөктүү унаа ушул жылдын аягында сатыкка чыгат.
Унаанын ылдамдыгы саатына 130 километрди түзсө, салмагы 600 килограммдан бир аз ашыгыраак. Электр тогу менен кубатталуучу бул унаанын электромоторунун кубаттуулугу 61 кВт болгондуктан 100 метр аралыктагы унааны 8 секундда ашып өтөт. Албетте, унаа менен саякаттоо мүмкүн эмес, бирок шаар ичинде сейилдөөгө абдан ылайыктуу.
Белгилүү болгондой, бул унаанын сатыкка чыга турган баасы 15 миң долларды түзөт.