Жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы Жасинда Ардерн быйылкы жылы кош бойлуулугуна байланыштуу кызматын убактылуу орун басарына өткөрүп берип турат. Министрлер кабинетинин башчысы 6 аптага созулган декреттик өргүүгө чыгарын аталган өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
"Мен премьер-министр жана эне, ал эми Кларк (ред. өнөктөшү) биринчи жентльмен жана үйдө отуруучу ата болуу алдында турат. Ушул жылдын июнь айында 2 кишиден турган биздин топ 3 киши болуп көбөйөт", - деп бүгүн Жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалымат үчүн: Жасинда Ардерн өткөн жылдын октябрь айынан бери премьер-министрликти аркалап келет. Кош бойлуу экенин өкмөт башчы болгонго чейин эки апта мурда билген. Декреттик өргүүгө чыгуунун жагымдуу себепкери төрөлсө, ымыркай 37 жаштагы премьер айымдын биринчи баласы болот.