Эми Инстаграм колдонуучуларынын бул тармакка акыркы жолу качан баш бакканын көрсөтүп турат

Инстаграм социалдык тармагынын негиздөөчүлөрү ага дагы бир жаңы кызмат кошууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылууда.

Маалыматта жазылгандай, жакында аталган тармактын колдонуучулары бири-биринин кайсы убакытта акыркы жолу жеке баракчасына баш бакканын көрө алат. Жаңы кызматты иштеп чыккандар аны Active At деп атаган. Колдонуучулар кайсы бир досунун Инстаграмга акыркы жолу качан киргенин Direct бөлүмүнөн аныктаса болот. Учурда бул функция текшерүү процессинен өтүп жатат.

Социалдык тармактын түзүүчүлөрү жаңы кызмат тиркеменин колдонуучулары үчүн ыңгайлуу жагдай жаратарын белгилешкен. Анда колдонуучулар кайсы бир ишкана, дүкөндөрдүн жеке баракчасын иштеткен өкүлдөр тармакта качан болгонун, негизи эле алардын тармакты көп же аз пайдаларын аныктай алышына мүмкүнчүлүк жарала тургандыгын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
SALMANCHIK24
2018-01-19 17:04:20
Кантип билсе болот экен аа
+1
Azat.97
2018-01-19 17:23:53
azat_beishenbekov
+1
Omurbek998
2018-01-19 17:41:25
Жакшы болот елек
+2
Jazdyn_tany
2018-01-19 18:24:44
Онлайн экенин дагы көрсөтөт бекен?
+1
nary-beri
2018-01-19 18:58:37
@elmurat175
+2
BakytAliev
2018-01-19 19:06:50
Директ кирсенер баары турат онлайн, 5мин назад был тадам тадам деп
+2
nurik903
2018-01-19 19:54:14
инстаграмга кирбегениме суйуном
+3
vavilon.
2018-01-20 01:15:24
Онлайн экени башта деле корунчу
0
Kojo1995
2018-01-20 22:09:15
Айылымда телефон тарпайт. Кетип калгым келет. Айла жок. Кээде эс алыш үчүн барам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан