Италияда аял Жерри аттуу мышыгына 30 миң евро (болжол менен 2 544 000 сомдой) мураска калтырды. Бул тууралуу италиялык басылмалар жазып чыгышты. Мааламытта жазылгандай, аял өлөр алдындагы керээзинде калтырылган каражат мышыкты дарылатып, жакшы жашоосуна жумшалуусун айткан. Керек болгон учурда антиквариаттарын (сейрек учуроочу эски китептер, сүрөттөр, баалуу эмеректер) жана зер буюмдарын сатуусун билдирген.
Каза болгон аялдын кызы белгилегендей, апасы Жерри аттуу мышыкты өз балдарынан да жакшы көргөн.
Жаныбар мураска калтырылган каражаттарды эмитен "колдонууда". Ал деңиз азыктары менен тамактанып, төрт түрлүү орундукта уктайт. "Учурда Жерри үй ээсинин каза болгонун билбейт", - деп жазат италиялык басылмалар.
Жерри бир нече жыл мурун үй-жайсыз мышыктардын катарында болуп келсе, эми ал Италиядагы эң бай жана бактылуу мышык аталып калды.