Түштүк Африкада маркум аял табытта көз жарды

Түштүк Африкада маркум аял көз жарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка жазылгандай, Түштүк Африкада 10 күн мурда киши колдуу болуп каза болгон аял көз жарган. Окуя тууралуу бейиттин кызматкерлери билдирген.

33 жаштагы Номвелисо Номасонто Мдойи өз үйүндө киши колдуу болуп каза болгон. Окуя болгон мезгилде маркумдун 9 айлык боюнда болгон. Мдойини жерге берилген соң, он күндөн кийин табыттын ичинде көз жарган.

"Биз мындай окуяны алгач көрүшүбүз, ымыркайды энесинин жанына эле калтырдык. Ал өлүк болуп төрөлгөндүктөн анын кыз же уул экенин деле караган жокпуз", - деп билдирген бейиттин кызматкерлери.

Дарыгерлердин айтымында, өлгөн адамдын денеси ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар болот, ошол себептен ымыркай жатындан чыгып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
vavilon.
2018-01-20 09:41:38
Ушул ТАР өлкөсүндө да шумдуктар көп болот.
+4
Isco23
2018-01-20 09:42:06
Кудайдын кудурети эээээх аллах
+5
Kaary
2018-01-20 12:03:08
Isco23, Аллах Тааланын ырайымдуу аты чоң тамга менен жазылат да!
+9
Kol88
2018-01-20 09:43:42
Кандай гана окунучтуу!!!
+3
Batma08
2018-01-20 09:44:43
Кандай билди торогонун жерге берсе
+10
Krai
2018-01-20 09:49:58
9 айлык боюнда бар адамды өлтүргөн кандай таш боор кылмышкер экен кантип колу барлы экен
+13
Ayida
2018-01-20 10:40:12
Комулгон денеден бала чыкканын кантип коруптур?
+6
Nurmat92
2018-01-20 12:15:53
Балким экспертиза кылып ачып көргөндүр анан көрүшсө керек
+7
ulua
2018-01-20 14:21:42
Олгон адамды жасантып ритуал жасала турган кунго чейин табытта турат жыгачтан жасалган ошол жерден ичинен чыгып калган баласы, жерге берээрде чогулуп жасап тузойт ошондо корушкон.
+2
dina
2018-01-20 14:31:41
Мумкун баласы олбой калып чыккандыр, эч ким карабай олуп калган окшойт((( неси болсо да жаман болуптур(((
+3
bakulya2015
2018-01-20 14:56:06
Тообо кылдым
+2
Totyua.71.
2018-01-20 18:14:44
табыттын Ким ичин ачып корду экен?
+3
Aitun
2018-01-20 19:46:37
Атам раматылык бир жомок айтып берген эле гор уулу деген. Бир аял боюнда барында олот экен. Зыйнатын кылып комушот экен. Алланын кудурети менен ай куну жетип жанагы бала торолуп апасынын сутун эмип чонойот экен. Бир куну койчулар мурзонун четинде баратып жаш баланы коруп калышат экен келсе гордо жашап апасынын жанына жатып эмчегинен сут эмип жургон болот экен. Алланын кудурети менен энеси олсода денеси чирибей балага сут берип жатат экен.
+9
barakcha
2018-01-21 00:24:54
Aitun,козумо жаш келди...кичинекей наристени элестетип.
0
Zainidin96
2018-01-21 00:53:18
Аллах Тааламын кудурети. Аллах коруучу Жана билуучу
+2
aliya-leyla
2018-01-21 15:38:19
Аллах улук ар кандай нерсени кылууга кудуреттуу. Тооба кылдым
0
Elizka8
2018-02-01 22:42:33
Ээ аллахым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан