Жириновский Кыргыз өлкөсүнүн карызынын эсебинен Ысык-Көлдү Орусияга ижарага берүүнү сунуштады

"Кыргыз мамлекетинин карызын кечкендин ордуна Ысык-Көлдү ижарага берүүнү сүйлөшүш керек болчу", - деп 19-январда журналисттерге Орусиянын Либералдык-демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновский билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кечээ Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргыз өлкөсүнүн 240 миллион доллар карызын кечүү боюнча өкмөт аралык макулдашуунун протоколун ратификациялады.

"Карызды кайрадан кечип жатабыз. Орусиянын өнүгүүсү үчүн эч бир өлкөгө карыз бербеш керек. Мен буга чейин эле Кыргыз мамлекетине Ысык-Көлдү 99 жылга ижарага берүүнү сунуштагам. Биз ал жакка пенсионерлерди, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана студенттерди акысыз жөнөтмөкпүз", - деди Жириновский.

Айта кетсек, Орусия тараптын дагы 240 миллион карыздан кечүү тууралуу протоколго экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин 2017-жылдын 20-июнунда Москвадагы жолугушуусунда кол коюшкан.

Бул макулдашуунун протоколун Жогорку Кеңеш былтыр 2-ноябрда ратификациялап, мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жылы 9-декабрда кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (63)
nura.177
2018-01-20 18:29:40
Супер инфо ушул алынган карыз качан, кандай максатта алынган, эмне иш бутурушуптур ушуну тактап билип бербейсинерби сураныч
+4
Aikoo2014
2018-01-20 19:00:41
Чынында эле Кыргызстандын келечеги кандай болот. Мыньип ар бир келген бийлик окулдору акчаларды карызга ала берсе. Ээххх!!!! Деги буларды каргыш деле урбайт окшойт.((((
+3
Eliza9393
2018-01-20 19:02:01
Карасан 99жыл оорулуларды тушуруп булгап буларды карасан Ыйык колубузго Атамбаевке рахмаат
-6
Eliza9393
2018-01-20 19:02:14
Озубуз тушобуз
+1
Azkoni
2018-01-20 19:16:22
Эмне кылабыз.оз элине куйгон патриот экен а?Же азияда торолуп,азияттардан ала албаган жини бардыр да.
0
kyrgyzsaram
2018-01-20 19:56:35
Бир куну карызды толой албай калдынар деп алып коюшатго.Чекесин чыгарып жатыптыр 240 миллионду кечкенден кийин деле канча карызыбыз барда. Ото окунучтуу. Биздин чиновниктерге баары бир. Карызды толой албай калдык деп откоруп берип коюшат. Атамбаев, Бакиев, Акаевдер куноолу экен деп .
0
kyrgyzsaram
2018-01-20 19:57:41
Каркыраны берип эле койдуго
0
Magusi
2018-01-20 19:59:50
Биздин балдардын келечеги кандай болот? ?
+1
Asatilla.1983
2018-01-20 20:15:37
Орустар алса биржон кытайлар келет жакында
-1
zhykyo
2018-01-20 20:28:52
Ысык-Колдун ордуна мени алып кет омур бою иштеп берем .Жерим,элим учун жанымды аябайм Жириновский
+4
konur-olon
2018-01-20 21:57:02
четин чыгарыптыр да шумшук чондорго акча карматса кол коюп берет да Ысык-Колду чондор бергенге акысы жок ал биздин байлыгыбыз кечкен акчасы кыпындай эле нерсе болуп калат колдо бар алтындын баркы жок деген ушу да башкалардын козу кытышып атат
+3
K.peri96
2018-01-21 02:17:48
Jirinovskiidin jyl saiyn es aluuchu jeri Yssyk-Kol da baaryn bilet owon uchun koz artat.
+1
Peri93.93
2018-01-21 20:28:46
Yssyk koldun tfu me yssygyn al debeptirda.
0
Timonbay
2018-01-22 03:08:20
Anda bizdikiler Rossiyanyn Moskvasyn da ijaraga bergile deshi kerek. Balkim jerdeshteribiz suiunup Moskvany Kyrgyzstan jana Moskovstan kylyp ozgorturup jibermek he he
0
ABIL
2018-01-22 14:27:48
Нe пpeзиpaй слaбого дeтёнышa-он можeт окaзaтся сыном тигpa.КЫPГЫЗгa aсылбa ХХХХ чaл
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан