Кытайда дүйнөдөгү эң чоң аба тазалоочу мунара ишке кирди. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Кытай өлкөсүнүн бийлиги дүйнөдөгү эң чоң деп табылган аба тазалоочу мунараны текшерүү үчүн ишке киргизишти. Бийиктиги 100 метрге жеткен мунара Кытайдын абанын тазалыгы эң төмөн деп эсептелген Сиан шаарында жайгашкан.
Белгиленгендей, систем мунаранын айланасында жайгашкан жылуулук станцияларынын негизинде иштейт. Аба ал жакка кирип, күнгө жылып андан соң мунара менен жогору жакка көтөрүлөт. Ал жактан атайын тазалоочу фильтрлер аркылуу өтөт.
Ойлоп табуучулардын айтымында, бул мунаранын жардамы менен бир чоң райондун абасын тазалаганга мүмкүн. Эгерде көрсөткүчтөр абанын булгангандыгы чектен ашып кеткенин көрсөтүп жатса, бул нерсени калыбына келтире алат.