Япониялык инженер сууга чөкпөй турган унааны ойлоп тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Маалыматта жазылгандай, "Toyota" компаниясынын мурдагы кызматкери Хидео Цурумаки өзү иштеп чыккан, сууга чөкпөгөн унааны коомчулукка көрсөткөн.
"Японияда 2011-жылы март айында болгон цунами көптөгөн мекендешимдин өмүрүн алып кеткен. Мен ошондо эгерде автоунаалар чөкпөй суунун үстүндө калкып калганда канчалаган адамдар аман калат эле деп ойлонгом", - деп билдирген Цурумаки.
Кырсык болгондон көп өтпөй инженер оюн ишке ашыруу үчүн жумуштан кетет. Ал суу кирбеген чакан электрунаасын иштеп чыккан. Унаалар суунун үстүндө калкып гана калбастан, сууда жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Аталган унаалар атайын дөңгөлөктөр менен жабдылган, дал ушул дөңгөлөктүн жардамы менен алар сууда катуу эмес ылдамдыкта жүрө алышат.
2018-жылдын аягына чейин Цураками атайын заводду ижарага алып унааларды чыгарып баштоону максат кылган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, бул заводдон бир жыл ичинде 10 миңге жакын электр кубаты менен иштеген унаа чыгат.