"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө" "Катуу шамалга карабай учакты чеберчилик менен кондурган учкуч" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Видеодо Болонья-Дюссельдорф аба каттамындагы учак бороон-чапкынга туш болуп, бийиктиктен калдаңдаган тейде келип, араң конгону тартылган.
Анда бороондун ылдамдыгы Дюссельдорф аэропортунда саатына 110 чакырымга жеткендиги айтылат.
Видеодон учактын канаттары калдаңдап, жерге жетип-жетпеген учурда да катуу чайпалып, ал эми конгондо капталдап барып, анан түзөлүп кеткендигин байкоого болот.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.