Финляндияда муздан курулган мейманкана ачылды

Финляндияда белгилүү "Так талашуу оюну" сериалынын урматына муздан жасалган мейманкана ачылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, мейманкана Лапландия аймагында "SnowVillage" сейил багында жайгашкан. Жаңы ачылган мейманкананын ичиндеги абанын температурасы -5 градусту түзөт. Кардарлар үшүп калбаш үчүн аларга атайын жамынчулар берилет.

Имараттын ичиндеги буюмдардын бардыгы муздан жасалган. Эгерде кардарлар кандайдыр бир ичимдик ичкиси келсе анда алар атайын муздан жасалган стакандарга куюлуп берилет. Мейманканадагы номерлерге болгон баалар 200 доллардан жогору турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Adi.Avazbekov
2018-01-21 19:22:08
Ыссык чай сурасан да муздан жасалган стаканга куюп беришеби??? Бирок соонун жасалса керек мейманкана
+19
asanaliev.s
2018-01-21 19:33:30
Шумдукго
+11
Dembele84
2018-01-21 19:33:49
Как музей катары кирип коруп таанышып,суротко тушуп чыксан болчудай.А мейманкана катары бир нерсе заказ кылып муз устундо отуруш не очень.
+12
Akylbek1984
2018-01-21 19:36:21
Отургучтарына отурсан же сен антарыласын же стол сени антарат го...
+15
Ferdews
2018-01-21 20:09:07
Столго олтуруп, заказ жасап жегиче, баардык жагына суук отот го))
+11
simone
2018-01-21 20:40:33
Мейманканадан чыгып эле, больницага барасынго
+10
Pandora
2018-01-21 20:55:15
Аябай кооз искусство бирок жатканы эмес суктанып тамаша кылганы кирсе болчудай -5 градуста муздун устундо жатсан тан атканча тонкойуп каласынго))
+12
isabek1977
2018-01-21 21:07:46
Муздан жасалган болмонун эшиги да муз болсо катуурак жапсан сынып калып балээсине каласын го.
+9
Ma9
2018-01-21 21:35:22
жон эле жарым саатка коруп суротко тушуп чыксан эле болбосо ато тоонуп калчудайсын
+3
Zainidin96
2018-01-22 00:30:53
Жакшы жанылык азаматсынар
+1
Snejana
2018-01-22 01:34:28
Жатканда 36 градус ээритип жиберет го. Жаткан жерин оюлуп калат да, тан атканча. Кызык экен.
+3
liderchan94
2018-01-22 02:35:34
Snejana,ал жагында ойлонуштурган болуш керек,экообуздон биринчи.
+5
Timonbay
2018-01-22 02:55:31
Ushul da meimankanaby. Andan koro muz muzeyi dese jarashmak.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан