Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG`нин Түз эфиринде белгилүү кыргыз жана казак актёрлору Азамат Уланов менен Тауекел Мусилим конокто болушат

SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коноктору - кыргыз элинин жаш актёру, "тамашоучу", КВНчи Азамат Уланов жана казак боордоштордун чыгаан уулу, актёр жана алып баруучу Тауекел Мусилим.

Бул жигиттерди көпчүлүк "Апамды издеп" тасмасы аркылуу таанышат. Аталган кинодо эки актёр тең өз ролдорун ийине жеткире аткарышып, көптөрдүн арзуусуна айланышкан. Ал эми фильм бир гана Кыргыз өлкөсүндө эмес, Казакстанда жана АКШнын бир канча шаарларында көрсөтүлгөн.

Азамат Уланов 2000-жылы 12-августта туулган. Кичинесинен тарта КВНде, "Тамашоудо" ойноп аты таанылса, кийинчерээк "Бир тууганчик", "Султан Сулейман", "Три лимона", "Сен эмне кылмаксың?" жана башка тасмаларга тартылган.

Тауекел Мусилим - Казакстандагы белгилүү алып баруучу, актёр, кээде созолонто ырдаганга да үлгүрөт. Китеп окуп, спорт менен машыгып, сергек жашоо образын тандаган. Канчалаган кыздардын жүрөгүн жаралаган мырза 1988-жылы 9-декабрда туулган, бойдок.

Эки элдин белгилүү актёр жигиттерине арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот. Актёрлор бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп беришет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Түз эфирде актёрлор Азамат Уланов менен Тауекел Мусилим болот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
salimbek87.kg
2018-01-23 08:36:59
Урматтуу супер жамааты төкмө акын Аалы Туткучевти чакыргылачы .же болбосо интервью алгылачы жок болуп кетти.
+4
tatynam_88
2018-01-23 13:36:05
Элмирбек иманалиевди да чакыргыла супер?
+4
Ferdews
2018-01-23 14:48:19
Мен деле Таукелди сыйлайм, жакшы кором, бирок донор бол же куда тушуп барам дегендер тамашалап жатышса деле жат корунуш
+1
kyrgyzstan00
2018-01-23 18:29:11
Аалыке менен Элмирбек Иманалиевди чакыргылачы супер инфо???? Сураныч!!!!
0
Dina.janym
2018-01-23 18:51:12
Тауекел Мусилимди жеке Инсан катары катуу сыйлайм. Ал катышкан бардык кино сериалдарды, клип, ыр, интервю айтоор баарын калтырбай көрөм, анын ушунчалык Жөнөкөй адам экенинде күмөнүм жок, бар болуңуз! Ал эми жогорудагы комметарий боюнча айтсам, ар бирибиз тамаша иретинде болобу, же башка болобу Адамдык сапатыбызды жоготуп албай, бирдей калыпта болсок дейм... бирөөдөн Донор сурагандан көрө, Аллахтан өзүбүзгө татыктуу Жар сурансак жакшы болмок!!!
0
dobrajelatel
2018-01-24 00:47:23
Таукел Кыргыз киносунан сунуш тушсо тартыласынбы?
Кыргыз менен казак бир тууган боордош элбиз. Окшоштугу жана айырмачылыгы эмнеде?
Жашоодогу принцибин?
Сенин ийгилигиндин сыры эмнеге?
-1
dobrajelatel
2018-01-24 00:53:12
Азамат "Апамды издеп" тасмасындагы эн коп дубль менен тартылган эпизод жонундо Жана т иштериндеги кызыктуу учурлар.
0
kadyrym1
2018-01-24 09:25:52
Азамат озун чон атадай сезет
+2
Muzik
2018-01-24 10:07:16
Урматтуу суперчилер,жогоруда жазылган донор бол,сага жуучуга барсам болобу деген суроолорду бербегиле,Кыргызды уят кылган болосунар,намыстуу болгула.
+4
admin_superstan
2018-01-24 11:53:54
kyrgyzstan00, tatynam_88, salimbek87.kg, esimdesin, саламатсыздарбы! Сунушуңуздар тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
TazaKyrgyz
2018-01-24 14:03:04
Туз эфирди чыдамсыздык менен кутуп атам биз суйгон биз баалаган актерлер.Бегалиевдердин уй булоосу
0
mentol
2018-01-24 14:28:12
Тауекел, Азамат экоонорду тушку тамака чакырсам келесинерби бирок Ошко)))
0
Kyzyke
2018-01-24 14:52:48
Саламатсызбы, Таукел мырза! Кыргыз эли, казак эли боордош бир тууган калкбыз. Конок келсе козу союп, беш бармак менен боз үйдө сыйлаган көрөңгөлүү маданиятыбыз дагы окшош. Сиз дагы казактын меймандос, ак пейил жигити болсоңуз керек кыргыз жигиттери сындуу. Эстеликке деп мага бир арзыбаган белек берүүгө кудуретиңиз жетеби?
0
Kyzyke
2018-01-24 14:54:41
Азамат кыргыз-казак достугун дагы да бекемдеш үчүн кандай курмандыктарга барууга күчүн жетет?
+2
007aym
2018-01-24 15:07:15
Таукел Кыргыздын Зарема аттуу бийкечи менен караокеден ырдаганынды коргом. Ортонордо мамиленер барбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан