Белгилүү британиялык ырчы Эд Ширан сүйүктүүсүнүн колун сураганын жарыялады

Көпчүлүккө "Shape of You", "Castle on the Hill" чыгармалары менен таанымал британиялык ырчы Эд Ширан социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сүйүктүүсүнүн колун сураганын жарыялады.

Белгилүү болгондой, ырчы көптөн бери сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүсү, белгилүү хоккейчи Черри Сиборндун колун Жаңы жыл алдында сураган. Бирок бул тууралуу эми гана коомчулукка жарыялоону чечкен.

"Жаңы жыл алдында менин колуктум пайда болду. Биз абдан бактылуубуз жана биздин мышыктарыбыз да кубанычта", - деп жазган ырчы.

Ширандын бул билдирүүсү күйөрмандары үчүн абдан кубанычтуу жаңылык болуп, тез арада 4 миллиондон ашуун "жакты" белгисин топтогон. Ал эми үлпөт той качан орун ала турганы азырынча белгисиз.

Айта кетсек, Ширан менен Сиборн 2015-жылдан бери кыз-жигит катары мамиледе.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aigerim4545
2018-01-22 18:46:17
менин сүйүктүү ырчым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан