Орусиялык студенттер массалык түрдө Бенни Бенассинин "Satisfaction" клибине пародия тартып аны социалдык тармактарга жарыялашууда.
2018-жылдын 16-январында интернет айдыңында Ульяновск шаарында жайгашкан жарандык авиация институтунун студенттери тарабынан "Satisfaction" клибине тартылган пародия интернетке тараган. Бул видео бир күндүн ичинде эле 1 миллиондон ашык жолу каралып, кызуу талкуу жараткан. Видеодо студенттер ич кийимчен жана баштарына фуражкаларын кийип алып бийлешкен. Бул окуяга байланыштуу Орус авиациясы ишти иликтеп студенттерге тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирген. Ал эми окуу жайдын ректору Сергей Краснов студенттерди мындай жоругу үчүн окуудан четтетүү чечими кабыл алынышы керек экендигин айткан.
Мындан улам орусиялык студенттер авиациялык окуу жайдын студенттерин колдоо максатында массалык түрдө "Satisfaction" клибине пародияларды тартып интернетке жарыялай башташкан.
Жогорудагыдай пародияны эң алгачкылардан болуп медициналык окуу жайдын студент кыздары тартып киргизишкен.
Куруучуларды даярдоочу кесиптик лицейинин студенттери да бул клипке өз пародиясын сунушташкан.
Суворов окуу жайынын курсанттары бул флешмобдон четте калган эмес.
Келечектеги учкучтарды өзүнүн бийи менен деңизде сүзүүчү адистерди даярдоочу окуу жайынын студенттери да колдошкон.
Бул флешмобго студенттер гана эмес ат спортчулары да катышкан.
Студенттерди колдоо максатында "Орусия ӨКМ" деген жазуусу бар формаларды кийип алып эротикалык бийди бийлеген жигиттердин видеосу интернетте кызуу талкуу жараткан.
Рязанов айыл чарба окуу жайынын студенттеринин видеосу.
Италиялык продюсер Бенн Бенассинин "Satisfaction" клиби 2003-жылы жарык көргөн. Бул анын эң алгачкы чыгармасы экенине карабай ал аз убакыт ичинде дүйнөдөгү эң популярдуу клиптердин катарын толуктаган. Ырдын сөзү 2 гана саптан туруп, эротикалык маанини камтыйт.
Бул убакыт аралыгында жергиликтүү сайттардын бири студенттерди окуудан четтетпөө үчүн 43 миң кол топтогонго жетишкен. Буга чейин "Satisfaction" клибине көптөгөн пародиялар жарык көргөн алардын эң көп талкууланганы бул британиялык солдаттардын жана 60 жаштагы айымдардын тарткан клиптери болуп эсептелет.