Кыргыз киноматография департаменти Кожомкул баатыр тууралуу тасма тартууга сынак жарыялады

Кыргыз киноматография департаменти Кожомкул баатыр тууралуу тасма тартууга сценарий жазуучу жана режиссёрлор үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган департаменттен билдиришти.
Маданият, маалымат жана туризм министринин буйругуна ылайык, мамлекеттин буюртмасы менен тартыла турган Кожомкул баатыр тууралуу толук метраждуу тасма 100 минутага чейин болушу керек.
Маалыматка ылайык, сынак 2018-жылдын 22-январынан тартып, 1-мартына чейин болот. Ага профессионал сценарий жазуучулар, кинорежиссёр, жазуучу өлкөнүн жарандары катыша алат. Арыздарды Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кыргыз киноматография департаменти кабыл алат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2018-01-23 09:07:39
Жакшы болуптур мен коптон бери Кожомкул атабыз тууралуу тасма тартылса деп жургомун себеби кийинки муундар биздин мурунку чыгаан инсандарыбыз тууралуу билбей баратышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан