Филиппиндин президенти аскерлерге: "Эгер мөөнөтүмдөн ашыкча бийликте калсам, мени атып салгыла"

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте эгер ал мөөнөтүнөн ашыкча ээлеген кызматында кала берсе, аны атып салууга аскерлерге уруксат берди. Бул тууралуу ал аскер базасына барганда айтканын чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

"Эгер мен өз мөөнөтүмдөн ашыкча кызматымда кала берип диктатор болгум келсе, мени атып салгыла, тамашалаган жокмун", - деди Дутерте. Анын айтымында, аскер кызматкерлери Конституцияны өзгөртүүгө жана бурмалоого жол бербеш керек. "Конституцияны жана жарандарды коргоо - бул силердин жумушуңар. Унутпагыла, бул силердин ыйык милдетиңер", - деп кайрылды аскерлерге президент.

Буга чейин өлкө башчынын тарапташтары парламентте жаңы Конституцияны кабыл алып, федеративдик мамлекеттик түзүлүшкө өтүүнү сунушташкан. Буга байланыштуу президент 2022-жылдан кийин кызматында кала бермек.

Оппозиция өкүлдөрү Дутертени президенттик мөөнөтүн узартууну көздөп жатат деп күнөөлөшкөн. Алардын пикиринде, Конституцияны өзгөртүү өлкөдө 1965-1986-жылдардагыдай диктатураны орнотууга алып келет.

Эске салсак, Родриго Дутерте 2016-жылы 6 жылдык мөөнөткө шайланган. Филиппиндин мыйзамы боюнча, жогорку кызматты 4 жылдан узак мөөнөттү ээлеген адам бул кызматка кайра шайлана албайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
futboler
2018-01-23 10:23:28
Эркек экен
+12
atanazarov10
2018-01-23 10:45:22
Биздин АШАда бет да намыс жок экен моонотум бутсо биротоло саясаттан кетем деп алып эми мынтип СДПКнын торогалыгына келейин деп жатат... Андан коро ар район айылдарга концерт коюп барса болот эле. 6жылда КР эмнеге жетишти АША убагында.
+14
Osh3015
2018-01-23 11:30:10
atanazarov10,Ошону айтам да кетем дегенден кийин бир жолу кетиш керек эле Кой-Ташта жатып азмаз уруп коеп.
+9
gulzar_gulu
2018-01-23 10:52:52
Бир нерсе болсо эле биздин олкодогу кырдаалды жаза бербегилечи сураныч. Мындай болуптур, тигиндей болуптур десе "бизде" деп наалып баштайсынар. Не кереги бар мунун же бийликтен бирөө окуп койбогондон кийин бул жерди.
+1
admin_superstan
2018-01-23 11:20:38
Kojo1995, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
+1
admin_superstan
2018-01-23 11:21:00
Too-tash, жеке айтышууларга жол берилбейт.
+2
sirgak_92
2018-01-23 11:55:34
Ой бул жерде Аша деп башташат дооруй беришет да Атамбаевдей эч ким иштеген жок а бул жазып аткандар көрө албагандар ичи куйдуулор
-3
Real.88
2018-01-23 12:02:16
Атамбаев бир сен учун иштеп Берген окшойт.
Аша эл учун иштеген жок!!!
Чонтоко иштеди! Алдыга жылбай! Артка кетти!Карызды кобойтту.
+8
Akylbek1984
2018-01-23 13:37:12
Эркек экен. Молодец... Эркек созундо турат.
+5
bakulya2015
2018-01-23 14:44:43
Алмаз акебизди да кошуп алыныз.
-2
ayka91
2018-01-23 14:48:32
Биздикилерди мооноту буто электе деле атып таштаса макул элем
+6
Rasul94
2018-01-23 15:15:47
бизде тескерисинче элди атат
+2
AKCAHAT
2018-01-23 16:08:12
А бул жанакы орустун Жириновскийи биздин Мотуев сыяктуу Филиппиндин балп этмеси)))) конулунорго ото жакын алып ишенип албагыла дагы.
+2
almanbetperm
2018-01-24 01:07:37
Бакиев тезек тергиле деп
АША не дегенин билбейм
Соке брат сут сат деп не болгон
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан