Швейцариялык "Swissbreeze" компаниясы кычкылтек толтурулган бөтөлкөлөрдү сата баштады. Аны бир гана аталган өлкөдөн сатып алууга болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, бир бөтөлкөнүн баасы 25 долларды түзөт.
"Биздин негизги максатыбыз - элге алыскы тоолуу аймактардан чогултулган Швейцариянын чыныгы таза абасын тартуулоо. Кычкылтек толтурулган бөтөлкөлөрдү сатуудан мурун, абаны атайын фильтрден өткөрөбүз", - деген компаниянын жетекчиси Мориц Кренманн.
Белгилей кетсек, таза абанын сатылышы көпчүлүк үчүн жаңылык эмес. Анткени алгач 2013-жылы Кытайда кычкылтек толтурулган бөтөлкөлөр сатыкка чыкса, 2014-жылы канадалыктар аба сатуу менен алектенишип, бир бөтөлкөгө 60 доллар деген баа коюшкан.