ЖЫЛНААМА, 23-ЯНВАРЬ: "Жарайт сити" долбоорунун актёру Мыктыбек Мукаев: "Туулган күнүмдү досторум менен белгилейм"

"Жарайт сити" долбоорунун актёру Мыктыбек Мукаев бүгүн, 23-январда 24 жашка чыкты. Күлкү жаратуучунун туулган күнү менен куттуктап, ага байланышка чыкканыбызда бүгүн туулган күнүн достору менен белгилей тургандыгын айтты.

"Буга чейин туулган күнүмдү тар чөйрөдө эле белгилечүмүн. Бул ирет "Жарайт сити" долбоорунда чогуу иштеген досторум менен белгилөөнү туура көрдүм. Себеби быйыл менин мүчөл жылым. Учурда съёмкада жүрөм",- деди Мукаев.

Мыктыбек Мукаев 1994-жылы 23-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин машина куруу факультетин аяктаган. Ал ТНТ каналындагы "Комеди баттл" шоусунун жарым финалына чейин жетип, калың элге Мыкы деген ысым менен таанылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан