Болливуд жылдыздары Израилдин премьер-министри менен жолугушуудан баш тартышты

Болливуддун кино жылдыздары Амир Хан, Салман Хан жана Шахрух Хан Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушуудан баш тартышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Нетаньяху өткөн жумада Индияга 6 күндүк иш сапары менен келген. Анын алкагында, Индиянын өкмөт башчысы Нарендро Моди менен жолугушуп, эки өлкөнүн алакасын жакшыртуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Андан соң анын урматына атайын кечки тамак уюштурулуп, ага Болливуддун атактуу жылдыздары чакырылган. Бирок чакырылгандардын ичинен белгилүү кино жылдыздары Амир Хан, Салман Хан жана Шахрух Хан Израилдин премьер-министри менен жолугушуудан баш тартышкан. Алардын мындай аракети палестиналыктарга көрсөткөн урмат-сыйы катары түшүндүрүлгөн. Учурда актёрлордун бул жоругу коомчулук арасында ар кандай кабыл алынып, түрдүү сын-пикирлер айтылууда.

Эскерте кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимди расмий түрдө Израилдин борбору деп таанууга мезгил жеткенин белгилеп, АКШ элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө даярдыктарды баштоону тапшырганын билдирген. Ал эми БУУнун Башкы ассамблеясы Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп атоого каршы добуш берген. Добуштардын жыйынтыгында 128 мамлекет АКШны бул чечимден баш тартууга чакырса, 35 мамлекет добуш берген эмес, ал эми 8 өлкө АКШны колдогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
karashire
2018-01-24 09:44:22
Эң тууру кылган
+8
sharan
2018-01-24 09:53:34
Туптуура, мусулмандардын жерин тартып алып жатса, анан биньямин нетаньяху менен жолукса, мусулман бир туугандарды урматтабагандык болуп калат.
+9
Tyty1990
2018-01-24 11:31:45
Аллах ыраазы болсун
+3
i1urp
2018-01-24 12:02:55
Мусулманбыз деп эле динди жашоого кийлигиштирип, ашынган фанат болунун кереги жок. Биздин колубуздан эч нерсе келбейт. Кооз создор менен эле кала беребиз. Бул жерде дин эмес саясат бар. Ар ким оз жерине тартат. Азыр АКШ, Россия, Кытайга, окшогон державалар чечип калышты. Дин эч бир маселени чече албайт. Калп эле кудайчыл болгондон майнап жок. Светский жашоо менен эле жашашыбыз керек.
-1
Aliumar15
2018-01-24 14:38:18
i1urp,Сен жашай Бер Светтик олкодо сага бироо мусульман мамлекетке кочуп кет деп жатабы динге соз тийгизбей суйлойлучу туугандар оозубуз кыйшайып калбасын
+1
Jumahmatov
2018-01-24 13:45:21
Шахрух хан жакбайт болчу бир киносунда чыныгы мусульман тералист болбойт экендигин далилдеп башкы рол аткарган киносун коруп сыйлап калдым туура кылышат колдойм
+3
Rusbubu
2018-01-24 14:37:02
Булар ошондо ислам динин кабыл алышканбы?
0
Tamamnura
2018-01-24 17:11:59
Rusbubu, булар негизи эле мусулман
0
BekAmir
2018-01-24 18:03:38
Азаматтар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан