"Оскар" сыйлыгына талапкерлердин тизмеси аныкталды

"Оскар" сыйлыгына талапкерлердин тизмеси белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Америкалык киноакадемия 2018-жылы "Оскар" сыйлыгына ат салышып жаткандардын тизмесин жарыялаганына аз эле убакыт болгонуна карабай, анын айланасында кызуу талкуулар болуп жаткан кези. Көпчүлүк адистердин айтымында, быйылкы наам тапшыруу аземи башка аземдерден өзүнүн күтүүсүздүгү менен тарыхта калат.
"Суунун формасы" тасмасы бул жылы эң көп номинацияларга ат салышып жаткан тасма деп табылган. Ошондой эле "Логан" тасмасын "Эң мыкты" сценарий номинациясында көрүү көпчүлүк үчүн күтүүсүз болгон, анткени академия комикстерди көп жактыра бербеши баарына маалым.
Ал эми орус режиссёру Андрей Звягинцевдин "Сүйүү эмес" тасмасы "Эң мыкты чет элдик тасма" номинациясында азыркы тапта алдыңкы болуп эсептелүүдө. Киносынчылардын айтымында, бул жылы аталган номинацияны Звягинцев алып калышы толук мүмкүн.
Талапкерлердин тизмеси:
"Эң мыкты тасма"
"Дюнкерк";
"Мени өз атыңдан ата" ("Зови меня своим именем");
"Бёрд айым" ("Леди Бёрд");
"Көрүнбөгөн жип" ("Призрачная нить");
"Жогол" ("Прочь");
"Жашыруун айгактама" ("Секретное досье");
"Караңгы күндөр" ("Тёмные времена");
"Суунун формасы" ("Форма воды").
"Эң мыкты режиссёр"
Пол Томас Андерсонт "Көрүнбөгөн жип";
Грета Гервиг "Бёрд айым";
Кристофер Нолан "Дюнкерк";
Жордан Пил "Жогол";
Гильермо дель Торо "Суунун формасы".

"Эң мыкты роль аткарган актриса"

Фрэнсис МакДорманд "Эббинг жана Миссуринин чек арасында үч билборд";

Сирша Ронан "Бёрд айым";

Марго Робби "Бардыгына каршы Тоня";

Мерил Стрип "Жашыруун айгактама";

Салли Хркинс "Суунун формасы";

"Эң мыкты роль аткарган актёр"

Дензел Вашингтон "Ромэн Израэль, Esq";

Дэниел Дэй-Льюис "Көрүнбөгөн жип";

Дэниел Калуйя "Жогол";

Гари Олдмэн "Караңгы күндөр";

Тимоти Шаламэ "Мени өз атыңдан ата";

Сыйлык тапшыруу аземи 2018-жылдын март айында өтөт. Бул жылы салтанаттын алып баруучуларынын бири Жимми Киммел боло турганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан