Америкалык актриса Пэрис Хилтон жоголгон ити тууралуу маалымат бергендерге 10 миң доллар сый акы убада кылды

Америкалык актриса Пэрис Хилтондун үй жаныбарларына абдан жакын экени маалым. Учурда анын үйүндө 35 үй жаныбары бар, алардын басымдуу бөлүгүн ит-күчүктөр түзөт. Ал эми кечээ, 23-январда актриса социалдык тармактагы баракчасына иттеринин бири жоголуп кеткенин жазып, ал жөнүндө кандай гана маалымат билгендер болсо сый акысына 10 миң доллар бере турганын жарыялады.

Маалым болгондой, жаныбар актрисанын үйүнүн жанынан уурдалган. Итти уурдап бара жаткан кыз короодогу жашыруун камерага түшүп калган. Хилтон анын сүрөтүн да өзүнүн баракчасына жарыялоону чечкен.

Айта кетсек, Пэрис Хилтон иттерди абдан жакшы көрө турганын ар бир маегинде айтып келет. Ал дүйнө кыдырып саякаттаса да, дайыма жанына үй жаныбарларын ээрчитип жүрөт. Жаныбарлар актрисанын үйүнүн кичирейтилген вариантында салынган атайын "кичи хан сарайда" жашашат. Анын айтымында, жаныбарларды багуу үчүн жылына 100 миңдеген доллар сарптайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Peri93.93
2018-01-24 12:11:28
ОЗУ негизи динде Уй жаныбарларын жакшы кароо айтылган экен?бирок ал мынчалык даражада эмес?болгону ач калтырбай убагында тамагын берип кароону дайындаган?бирок ит бар жерге периште келбейт деген соз бар Исламда?итти уйдон алыс жерге байлап кароо керек?иттин каргышы жаман деп калышатго?жаныбарларга жакшы Караган адам ошол себеби мененда Бейишке кируусу мумкун?бул жагы Алладан.
+5
Alibay
2018-01-24 12:37:17
Peri93.93,Перис эже мунуну балээге угабы.Берилип алган тура.
-3
maks94.kb
2018-01-24 12:59:02
Улуу урматтуу перис айым сизден иттер да корко баштаптыр
-2
Nurmat92
2018-01-24 13:18:01
Мага келсе үйүмдө кишиге зыяны жок киши тиштебеген кет десе кетип калган итимди бекер берет элем породасы көп элге таандык болгон кандек породасы 5 жыл болду карый элек болгону анча мынча тиши түшүп калган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан