Кечээ, 23-январда "The Walt Disney" компаниясы тарабынан жарык көргөн Микки Маус тууралуу тартылган мультфильмдердин каарманы Минни Маус АКШдагы "Даңк аллеясынан" жылдызчага ээ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Минни Мауска жылдызча анын 90 жылдыгына карата ыйгарылган. Тактап айтсак, Уолт Дисней Микки Маустун курбусунун ролундагы аталган каарманды 1928-жылы ойлоп тапкан. Анын ачылышына Кэти Перри, Хайди Клум баштаган белгилүүлөр жана Минни менен Микки Маустар катышкан.
Белгилей кетсек, Микки Мауска "Даңк аллеясынан" жылдызча 1978-жылы ыйгарылган.