Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери 2 миллион сомго жакын акчаны өздөрүнө мыйзамсыз которуп алганы ачыкка чыкты. Бул тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган полктун Ош шаарындагы бөлүмүнүн кызматкерлери 2016-жылдын 1-январынан баштап 2017-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта 1 миллион 827 миң 200 сомду өздөрүнө мыйзамсыз которуп алышкан.
Жогорудагы факты боюнча ички иликтөө иштери жүрүп, натыйжада полктун каржы кызматынын О.Э. жана О.М. аттуу кызматкерлери жумуштан бошотулду.
"Ал эми жогоруда аталган бөлүмдөрдүн жетекчилерине катуу тартиптик жаза берилип, ушул бөлүмдүн командиринин орун басары И.Б. ээлеген кызматынан бошотулуп, бөлүмдүн командири А.Н. дисциплинардык тартиптин негизинде жаза алды. Кызматтык иликтөөнүн негизинде топтолгон материалдар юридикалык жактан баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.
Тартип бузууларга жол берген адамдар ички иштер органдарына кызматка кайрадан киришүүсү иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыккандан кийин чечилет", - деп билдиришти ИИМден.