SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коноктору - кыргыз элинин жаш актёру, "тамашоучу", КВНчи Азамат Уланов жана казак боордоштордун чыгаан уулу, актёр жана алып баруучу Тауекел Мусилим. Бул жигиттерди көпчүлүк "Апамды издеп" тасмасы аркылуу таанышат. Аталган кинодо эки актёр тең өз ролдорун ийине жеткире аткарышып, көптөрдүн арзуусуна айланышкан. Ал эми фильм бир гана Кыргыз өлкөсүндө эмес, Казакстанда жана АКШнын бир канча шаарларында көрсөтүлгөн.
Эки элдин белгилүү актёр жигиттерине арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот. Актёрлор берилген суроолорго SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда жооп беришет.
15:00 Актёрлор Азамат Уланов менен Тауекел Мусилим белгилүү себептерден улам SUPER.KG`нин Түз эфирине кечигишүүдө.
16:00 Актёрлордун түз эфирдеги маеги башталды.
16:07 Суроо: "Экөөңөрдү кайрадан бир тасмадан көрө алабызбы?"
Азамат Уланов: "Менде тасмага тартылуу пландарым жок. Бирок Руслан Акундун "Көк бөрү" фильмине чогуу тартылып калышыбыз мүмкүн. Бирок азырынча белгисиз".
16:10 Актёрлор келечектеги пландары тууралуу ой бөлүштү.
Тауекел Мусилим: "АКШга барып, актёрлук боюнча сабак алуу пландарым бар. Ал жактан тасмага тартыламбы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт".
Азамат Уланов: "Мен мектепти аяктасам, жогорку окуу жайдын сырттан окуу бөлүмүнө тапшырам. Анан баш отум менен иштөөгө, шоу-бизнеске киришем".
16:15 Суроо: "Тауекел, сиздин сымбаттуу келбетиңиз үй-бүлө курууга тоскоолдук болуп жаткандай?"
"Жок, андай эмес. Мен өзүмдүн түгөйүмдү таба элекмин. Азырынча эл-жер көрүп алгым келет", - деди актёр.
16:18 Суроо: "Тауекел, сен бир маегиңде ашыгыңды жоготуп алганыңды айткансың. Ошол убакытка кайра барууга мүмкүн болсо, эмне кылат элең?"
"Албетте, өткөн ишке өкүнүүнүн кереги жок. Бирок ал кезге барсам, өзүмдүн кетирген катачылыгымды оңдогонго аракет кылмакмын. Ал катачылык болбосо, балким, азыр үй-бүлөлүү болуп калмакмын".
16:22 Актёрлор бири-бири менен кантип таанышканын айтып беришти. Азамат Уланов "мен Тауекелди мурда таанычу эмесмин, биринчи көргөндө бой көтөргөн неме экен деп ойлогом" десе, Тауекел Мусилим Азаматты мурда тамашалуу роликтерден көрүп жүргөнүн айтты.
16:25 Суроо: "Тауекел, келечектеги жубайыңызды кандай элестетесиз?"
"Болочок келинчегим кандай болорун билбейм. Ыймандуу, билимдүү, тарбия көргөн жана эң негизгиси тамашаны жакшы түшүнгөн кыздарды жактырам", - дейт Мусилим.
16:28 Окурмандын "Инстаграмдагы баракчаңар киреше алып келеби?" деген суроосуна Азамат Уланов "Ооба, жарнамалардан киреше түшөт. Бирок аны мен эмес, менин директорум чечет", - деп жооп берсе, казак актёру да анын айткандарына кошулду.
16:30 Суроо: "Мальдив аралдарына чогуу барып эс алып келиптирсиздер. Каяктан каражат табасыздар?"
"Мальдив аралдарына демөөрчүлөрдүн колдоосу менен барганбыз. Буюрса, андай саякаттардан дагы көптү баштан өткөрөбүз. Бул жакка атайын өзүмдүн унаам менен келгем, жакында Караколго барып эс алууга план коюудабыз", - дейт Тауекел Мусилим.
16:34 Суроо: "Азамат, мындан ары да "мачонун" образын жарата бересиңби?"
"Мен даярмын. Бирок режиссёрлор "мачонун" ордун мага бербей калышты го", - дейт күлүп.
16:39 Суроо: "Актёрлук кесипти олуттуу деп эсептейсиңерби?"
Тауекел Мусилим: "Мен үчүн олуттуу. Анткени, мага ушинтип тасмага тартылып, саякаттаган жагат".
Азамат Уланов: "Мен үчүн актёрлук - бул хобби, кесип эмес".
16:41 Окурмандын "Кайсы спорт менен машыгасыңар?" деген суроосуна экөө тең футбол менен машыга турганын айтышты. Тауекел Мусилим андан сырткары кышкы спорттун түрлөрү жана фитнес менен машыгарын да айтты.
16:42 Суроо: "Тауекел, репертуарыңды жаңы ырлар менен толуктайын деген ой барбы?"
"Азыр актёрлук жана алып баруучулук менен алектенип жатам. Жаңы ыр чыгара элегиме 1 жылдан ашык убакыт болуп калды. Бирок азырынча ырчылыкка көңүл бөлө албайм", - деди актёр.
16:46 Суроо: "Тауекел, көп өлкөдө болдуң. Кайсы өлкө кандай таасир калтырды?"
"Ар бир өлкө өзгөчө. Кыргыз эли менен казак элинин окшоштугун көп байкадым. Тамак-ашы, ниети түздүгү... Ал эми башка мамлекеттер өнүккөнү менен, ал жакта кабак-кашы ачылбаган адамдар көп кездешет. АКШ бизден көп жылга эрте өнүгүп келе жатат, мындан улам аталган өлкөгө барып актёрлук боюнча сабак алуу планым бар".
16:49 Актёрлор алып баруучу даярдаган оюнга активдүү катышууда.
16:55 Суроо: "Азамат, сен чын эле кинодогудай акылдуусуңбу?"
"Жок, андай акылдуу эмесмин. Мектепте "5ке" окуйм, бирок кинодогудай акылдуу болуу кыйын", - дейт актёр.
16:58 Суроо: "Тауекел, Азаматтын ата-энеси сени Ысык-Көлгө чакырды эле. Ага чейин аталган аймакта болдуң беле?"
"Ооба, жыл сайын эле үй-бүлөбүз менен келип эс алып турчубуз. Бир жолу кичинекей кезимде ал жакта эс алып жүрсөм, зебра минген бир бала келе жатыптыр. Чынын айтсам, абдан таң калдым. Бирок жанына барсам, эшекти боёп коюшуптур", - дейт күлүп.
17:00 Суроо: "Тауекел, сенден балалуу болгум келет. Донор болуп бере аласыңбы?"
"Жок, бул нерсеге каршымын. Жоопкерчилик деген бар, балам менин кашымда болуш керек".
17:02 Актёрлордун түз эфирдеги маеги соңуна чыкты.