19-ноябрь күнү саат 21:28де Ош облусунда күчү 4,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Европа-Жер Ортолук деңиздик сейсмологиялык борбордун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Ош шаарынын чыгыш тарабында, шаардан 114 чакырым алыстыкта болгон. Маалыматтар боюнча, жабыркагандар болгон жок.