АКШда бетинде шишиги бар балага операция жасалган соң, ал көз жумду

Маалыматка ылайык, 14 жаштагы Эмануэль Зайас Майамиде жасалган операциядан кийин көз жумган.
Кичине кезинде Эмануэлдин бетиндеги шишиги кичинекей гана так болгон. Акыркы эки жылдын ичинде чоң шишикке айланып анын салмагы 4 килограмм 500 граммга жеткен.
Шишик баланын дем алуусун начарлатып, моюну көтөрө албай сынып кетүү коркунучу пайда болгон.
2017-жылы Эмануэлге дарыгер Роберт Маркс жардам берүү сунушун киргизген. Сүйлөшүүлөр жүрүп шишикти алып салуу боюнча операциясы 12-январга белгиленген.
Операция баш-аягы 12 саатка созулган. Операциядан бир нече күн өткөндөн кийин баланын абалы начарлап, бөйрөктөрү жана өпкөсү иштебей калгандыктан ал көз жумган.
Эмануэлдин үй-бүлөсү медициналык изилдөөлөр үчүн маркумдун денесин дарыгерлерге өткөрүп берген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Atas
2018-01-25 00:19:02
Жаман иш болуптур
Жаткан жери жайлуу болсун
+6
Zainidin96
2018-01-25 00:33:06
Аллах Таалам бейишинен орун берсин ИншАллах жакындарына сабыр
+5
nurgaz
2018-01-25 07:51:37
Zainidin96, Мусулман болгон болсо бейишке кирет, ар бир адам мусулман болуп торолот, кийин ата-энесинин динине кирип кетет. Балакатка жетпей олгон балдардын баары бейишке кирет. Бул бала балакатка жеткен бекен?
+4
maks94.kb
2018-01-25 08:25:44
nurgaz,14 жашта деп турат жетти да албетте
+3
DAKS
2018-01-25 07:46:34
Жараткан Кудайым ата энелерге алты саны аман бала бере кор.
Ааламда адам баласына мындай нерсени каалабайт элем...
+6
bakulya2015
2018-01-26 02:14:10
Тообо кылдым. Жаткан жери жайлуу болсвн.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан