Бүгүн Бишкекте 6 өлкөнүн балдарынын колунан жасалган кооз буюмдардын көргөзмөcү өтөт

Бүгүн, 25-январда Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде балдардын колунан даярдалган кооз буюмдардын көргөзмөсү өтөт. Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, көргөзмө саат 14:00дө башталып, ага 200дөн ашык кол эмгектер коюлат.

Буга чейин балдар арасында "Дүйнө элдеринин сайма жана улуттук орнаменттери" аттуу эл аралык сынак өткөн. Ага КМШ өлкөлөрүнүн балдары катышып, жалпы 1997 эмгек сынакка коюлган.

"Балдардын улуттук маданиятка, кол өнөрчүлүккө, тарыхка кызыгуусун арттыруу максатында сынак уюштурулган. Анын ичинен эң мыкты деп тандалып алынган эмгектер көргөзмөгө коюлат. Ага КМШдагы 6 мамлекет катышат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан