Кырсыктан кийин көчөдөн канча доллар кайра чогултулганы чет элдик маалымат каражаттары жазган кабарда айтылган эмес. Бирок аны жыйнап алуу үчүн ал көчөдө жол кыймылы 1 саатка токтотулган.
Маалыматтарда жазылгандай, Американын Иллинойс штатында оюн автоматтары үчүн акча ташып бара жаткан унаа кырсыкка кабылган. Анын айдоочусу башкарууну жоготуп жол жээгиндеги тосмону, кийин унааны сүзгөн. Андан кийин жолго долларлар чачылып калган. Алар 5-10 жана 20 долларлык экендиги жазылат маалыматта.