Ирландияда дарыгерлер өспүрүмдүн бутуна уникалдуу операция жасашты

Ирландияда дарыгерлер өспүрүмдүн бутуна уникалдуу операция жасашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, оорунун айынан бутун кестирген түндүк ирландиялык өспүрүмгө дарыгерлер согончогун тизесинин ордуна тигишкен.

15 жаштагы Тристан Стюарт 2014-жылдан баштап буту ооруп жаткандыгын айтып келген. Эки жылдан соң дарыгерлер ага синовиалдык саркома (адамдын колдорунда же буттарында пайда болуучу залалдуу шишик) диагнозун коюшкан. Өспүрүмдүн өмүрүн бутун кесип салуу гана сактап калмак.

Дарыгерлер баланын бутун толук кеспестен тизеден ылдый согончокко чейин гана кесип, ал эми кесилген тизенин ордуна согончокту тескер каратып тигип коюуну сунушташкан. Анткени дарыгерлердин айтымында, тизенин ордуна тигилген согончок кийин протез бут кийгенге ыңгайлуу болмок. Бул операцияга Стюарт макулдугун берип, ийгиликтүү өткөн.

Бутун кестирген соң өспүрүм балдак менен гана басчу, ал эми азыр протездин жардамы менен басканды үйрөнүп жатат.

"Бутуң кандай көрүнөт - бул мааниге ээ эмес. Мен үчүн эң негизгиси баса алсам болду. Мен кайрадан башка адамдардай болуп чуркагым келет", - деп билдирген Стюарт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан