Бүгүн, 25-январда парламентте Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдарды талкуулоо боюнча талаш-тартыш жаралды.
Эртең менен жыйында калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси боюнча өкмөттүк саат менен бирге Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдарды талкуулоо сунушталып колдоо тапкан.
"Бир Бол" фракциясынан депутат Улугбек Ормонов жыйында бир дагы депутат Өзгөн боюнча маселе көтөрбөгөнүн айтып, аталган маселени өзүнчө кароону сунуштады.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Ормоновдун сунушун колдоду. "Өзгөндө элибиз кырсыктан жабыркаган. Эл кантип көчтү, мектеп курулдубу деген маалыматты угуу керек", - дейт ал.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков: "Эртең менен күн тартиби бекитилип жатканда депутаттардан сунуш келип түшкөн. Анда өкмөттүк саат менен Өзгөндөгү кырдаалды бирге кароо сунушталган. Депутаттар колдошкон", - деди.
Жыйынтыгында түшкү тыныгуудан кийин Өзгөндөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча маселени кароо добушка коюлуп, колдоо тапты.