Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев айрым бир маалымат каражатына "Өнүгүү-Прогресс" фракциясындагы депутаттардын жарымы аны колдой турганын айтканы боюнча жарыяланган. Ошондой эле Жолдошбаев "Бакыт Төрөбаев лидер болбой калган" деген пикирин билдирген.
Фракциянын депутаты Зиядин Жамалдинов бул тууралуу оюн SUPER.KG порталына айтып берди. "Өнүгүү-Прогресс" Жолдошбаевди фракциядан чыгарып салса, кантип фракциянын депутаттарынын жарымы аны колдомок эле? Бакыт Төрөбаев фракциянын лидери болуп эле жүрөт", - деди Жамалдинов.
Эске салсак, 2017-жылдын 25-октябрында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы 3 депутатты катарынан чыгаруу чечимин кабыл алган. Алар: Тазабек Икрамов, Камчыбек Жолдошбаев жана Алмазбек Жутанов.