Депутат: "Кадрлардын кайра-кайра алмашуусу өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүнө зыянын тийгизет"

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев кадрлардын кайра-кайра алмашуусу өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүнө зыянын тийгизе турганын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 25-январда "Парламент" радиосуна билдирди.

"Кандай гана мамлекеттик кызматтын бутагын албайлы, бардык жерде кадрлардын тең салмактуулугу сакталышы керек. Ошондо гана жаш муун улуу муундун тажрыйбаларын үйрөнүп, ал эми улуу муун жаштардын жаңычыл кадамдарына баам салып турушмак. Кадрлардын кайра-кайра алмашуусу өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүнө зыянын тийгизет. Коопсуздук жаатына да залакасы тийбегендей болуш керек.

Ар бир министрликтер менен мекемелердеги статс-катчыларды ротациялоо практикаланып жатат. Анда ошол кызмат ордуна сунушталган статс-катчылыкка талапкердин өздүк адистиги ошол тармактын талабына шайкеш келе турганы анчалык мааниге ээ болбой калууда. Бул шашылыш жасалган кадам болуп калды окшойт. Маселени кайра карап чыгуу зарылчылыгы бар", - дейт Казакбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан