Ырчы Нурмат Садыровдун сүйүктүү "торгойлоруна" жакшы кабар. Буга чейин күйөрмандары Нурматты ырчы катары билишсе, эми анын актёрлук чеберчилигине да күбө болушат. Тактап айтканда, ырчы мырза учурда тартуу иштери жүрүп жаткан Кыргыз тасмасындагы башкы каармандын ролун жаратып жатканын билдирди.
"Негизи сунушту мен күзүндө эле алгам. Улам бошобой жатып эми убактысы келди. 3 мүнөттүк клипти тартууда эле аябай убара тартчубуз. Кинодо түйшүк 2-3 эсе оор экен. Кыштын кыраан чилдесине, азыркы суукка карабай тасмага тартылып жатабыз. Элге уят болбоюн деп болгон аракетимди, өнөрүмдү жумшап жатам", - дейт Садыров.
Айта кетсек, Нурмат Садыров калың элге "Мен сүйгөн менен пайда жок" аттуу ыры менен таанылган. Анын аткаруусундагы "Торгоюм", "Кыргыз кыздары", "Жан апа", "Мугалим эже" жана башка ырлары элге сиңип, өзүнүн күйөрмандарын тапкан.