"Жаш кыздар гана модель боло алат, жаш өткөн сайын бул кесиптен четтетилет" деген кептер байма-бай айтылып келет. Белгилүү модель Дафна Селф бул кептерди четке кагат. Тактап айтканда, 1949-жылдан бери моделдик кесипти аркалап келген ал учурда 89 жашта экенине карабай, карьерасын өркүндөтүп келет. Ал гана эмес эң көп суроо-талапка ээ.
Ал дүйнөдөгү белгилүү Dolce & Gabbana брендинин жүзү, ошондой эле бир канча сулуулук косметикаларын жарнамалап турат.
"Мага узун жана коюу кирпиктер жагат. Ошондой эле алар бири-бирине чапташпай, табигый көрүнүп туруусу кажет", - дейт модель.
Дафна Селф жарнамалык роликке тартылганына же белгилүү журналдардын жүзү болгону үчүн 55 миң долларга чейин гонорар алат.