"Кентавр" тасмасы Франциянын кинотеатрларында көрсөтүлөт

Белгилүү кыргыз режиссёру Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы 31-январдан тарта Франциянын кинотеатрларында көрсөтүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фильмдин продюсерлеринин бири Алтынай Койчуманова билдирди.

"Тасманын режиссёру Актан Арым Кубат 22-26-январь күндөрү Франциядагы бир канча кинотеатрларда өткөн тасманын бет ачарларына катышты. Эми кино 31-январдан баштап Парижде гана эмес, дагы бир канча шаарлардагы кинотеатрларда эл сынына коюлат. Азыр канча кинотеатрда көрсөтүлө турганы сүйлөшүлүп жатат. Жыйынтыгы дүйшөмбү күнү белгилүү болот", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Актан Арым Кубаттын мурунку тарткан "Бешкемпир", "Маймыл", "Свет аке" тасмалары да Францияда көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан