SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кыштын чилдесинде сууга түшкөн милиция кызматкерлери" деген аталыштагы видео жүктөлгөн.
Аталган видеодо Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери -15 градуста сууга түшүп жаткандыгы тартылган.
Сууга түшүп жаткандардын бири облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, ал 1 жылдан бери эс алуу күндөрү кыш мезгилинде сууга түшүп келет.
"Кыш мезгилинде сууга түшүүнү 2016-жылы баштагам. Алгач сууга бир досум түшчү, ал түшүп жатканда кызыгып карап турчубуз. Убакыт өтүп мен да түшүп көрүүнү чечтим. Бирок сууга дароо эле түшкөнгө болбойт, ага атайын даярдык керек", - деп билдирди Усубакунов.
Ошондой эле ал кыш мезгилинде сууга түшүү үчүн алгач эртең менен, кечинде муздак сууга жуунуп организмди көндүрүш керек экенин белгилеп, муздак сууга түшкөндө адамдын организми ооруларга туруктуу болуп иммунитети көтөрүлөрүн кошумчалады.
Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.