Бүгүн, 26-январда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында сот реформасы жана анын жыйынтыктары тууралуу каралып жатат.
Депутаттар жыйынга Соттор кеңешинин төрагасы, Жогорку Соттун өкүлү, президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы келбегенине нааразы болушту.
Депутат Кенжебек Бокоев билдиргендей, Соттор кеңеши өздөрүнүн мыйзамдары менен белгиленген милдеттерин аткарбай жатат.
"Жыйынга келишпесе суроону кимге беребиз? Соттук системди реформалайбыз деп жаңы Конституция кабыл алдык. Элдин баары реформаны күттү. Сотторду тандоо кеңеши түзүлмөк тургай, үчүнчү кеңеш түзүлдү. Бирок соттор оңолгон жок. Бул нерсени эл айтып жатат. Бийликтеги депутаттар 90 пайыз эл сотторго ишенбей жатканын айтышууда. Демек, бизде соттор Ак Үй, көк үй менен келип жатат. Бул боюнча президент же спикер чалбайт. Жыйынга келбей жаткан президенттик аппараттын бөлүм башчылары чалып жатат. Эл аралык уюмдар Кыргыз өлкөсүндө сөз эркиндиги начарлады деп жазып чыгышты. 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" эле дебей, сот реформасына да көңүл бурушубуз керек", - деди депутат.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев депутаттын сөзүнө жооп берди.
"Кенжебек Сатымкуловичтин сөзүнөн кийин коомчулукта ар кандай пикир жаралып калышы мүмкүн. Депутат өз сөзүндө президенттин аппараты сотторду тандоодо кийлигишип жатат деген сыяктуу сөздөрдү айтты. Фракция жыйынга кимдерди чакыра турганын өздөрү билет. Президенттик аппараттын тиешеси жок. Кийлигишкен эмес. Жыйынга келбегендерди фракциянын катчылыгы такташ керек. Соттор кеңешин бекитүүдө ар бир фракциянын өкүлдөрү бар. Анын арасында силердин фракциядан Максат Сабиров бар. Парламенттик угуу өткөрүп, Максат Сабировду негизги баяндамачы катары чыгарсаңар болот. Аталган маселе боюнча президент февраль айында жыйын өткөрөт. Ошондо тийиштүү сунуштар болсо айтсаңар болот", - деди Абдылдаев.
Кенжебек Бокоев Молдакун Абдылдаевге: "Президенттик аппарат өздөрүн коргогондой болуп жатат. Баяндамачыны бизге сунуштабай эле коюңуз. Орду менен сүйлөңүз", - деп жооп берди.
Фракциянын лидери Руслан Казакбаев талаш-тартышты токтотуу керектигин айтты.