
Анын 4000 чарчы метр аянттагы үйүндө 1 ай жашоо үчүн 8,8 миң доллар ижара акы төлөө кажет.
Ырчы 5 уктоочу бөлмө, конок үйү жана бассейн жайгашкан бул хан сарайды каза болоруна аз калганда, тактап айтканда, 2017-жылдын май айында 2,5 миллион долларга сатып алган.
Эске салсак, Честер Беннингтондун жансыз денеси өткөн жылы 20-июлда дал ушул үйүнөн табылган.
Маалым болгондой, ал узак убакыттан бери аракечтик жана баңгилик менен алышып келген. Кайсы бир билдирүүлөрүнө караганда, ал кичине кезинде чоң адамдардын урушуп, мазактаганынан өмүрүн кыйгысы келгенин айткан. Ошондой эле музыкант көптөн бери депрессияда жүргөн деген кептер айтылат.