Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында 6-июнда катуу жамгыр жаап, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянга учуратты. ӨКМ билдиргендей, мөндүр саат 21:00дөн 21:20га чейин жааган. Ал күнү караңгы кирип кеткендиги үчүн тактоо жумуштары жүргүзүлгөн эмес. Канча гектар жердеги өсүмдүк жабыр тарткандыгы тууралуу тактоо иштери бүгүн, 7-июнда райондук жарандык коргоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүүдө.