Депутат Мавлянова: "Айлык акыны жогорулатып, анан реформа жөнүндө сөз кылышыбыз керек"

Бүгүн, 26-январда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында сот реформасы жана анын жыйынтыктары тууралуу каралды.
Депутат Махабат Мавлянова айлык акыны жогорулатып, анан реформа жөнүндө сөз кылуу керектигин айтты.
"Реформа болсун деген жерде биринчи орунда эмгек акы жогорулаш керек. Мисалы, Патрулдук милиция деп жакшы түзүлгөн. Алардын айлыгы көтөрүлбөй пара алуу кайрадан орун алды. Жыйынтык берген жок. Ошондуктан ушул маселени караганда алгач кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү зарыл", - деди депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан