ЭЛДИК КАБАР: "Үйүбүзгө өтө жакын жерге таштанды урнасын коюп кетишкен. Аны короого алып кирип койгонубуз үчүн жоопко тартышат экен" дейт окурман

"Үйүбүзгө өтө жакын жайгашып, ыңгайсыздык жараткан таштанды урнасын короого алып кирип койгондугубуз үчүн "Тазалык" ишканасы үстүбүздөн арыз жазып, кылмыш иши козголуптур", - дейт окурман бүгүн, 26-январда "Элдик кабар" рубрикасына жөнөткөн билдирүүсүндө.

Окурмандын айтымында, анын Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылынын Жээнбеков көчөсүндө жайгашкан үйүнүн тосмосунун жанына таштанды таштоочу урна коюлган. Бирок тосмонун аркы бетинде эле үйдүн терезеси болгондуктан алар урнаны башка жерге коюуну суранып, айыл өкмөткө коңшулардын колу коюлган арыз менен кайрылган. Бирок айыл өкмөтү бул тууралуу чечим чыгып калгандыгын билдирип "Билген жериңерге барып арыздангыла" деген жоопту узаткан.

"Урна орнотулгандан көп өтпөй андагы таштандылардын жагымсыз жыты келе баштаган. Ошого байланыштуу жолдошум коңшулар менен урнаны короого алып кирип, ал турган жерди таштандылардан тазалап койгон. Ага чейин урнадагы таштандынын баарын иттер сүйрөп келип, артынан жыйнап эле жүрчүмүн. Таштанды таштоочу жердин ордун алмаштыруу тууралуу оюбузду эч ким укпай койгондо аргасыз ушуга бардым. Урна орнотулган жердин маңдайынан эле көчөнүн жашоочулары таза суу алат, балдар ойношот. Таштандылардан ар кандай жугуштуу оорулар жугушу мүмкүн", - деп жазган окурман.

Ошондой эле бул окуядан көп өтпөй үйүнө милиция кызматкерлери келип мамлекеттин мүлкүнө кол салгандыгы үчүн алардын үстүнөн "Тазалык" ишканасы арыз жазып, кылмыш иши козголгондугу тууралуу билдиргенин кошумчалаган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Мырзаке айылынын тургуну
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Dalil
2018-01-26 16:42:21
Таштанды таштоочу урна силердин үйүңөрдүн жанына коюлбаса башкасына коюлушу керек. Короого алып кирипкойбоой балким башка жака жылдырып койсо мындай болбосо керек эле. Б.а.айнектин түбүнөн алысыраак жерге.
+9
Nsh
2018-01-26 16:45:56
Ошондо урнаны мнеге уйуно алып киришип алышат??
+5
Isco23
2018-01-26 16:53:59
Ордунда эле тетири оодарып коюш кк эле
+4
Azat.97
2018-01-26 16:54:10
Мамлекеттики болсо тийбеш керек неге алып киресинер уйунорго?
+6
aman0296
2018-01-26 16:55:39
Жаман жыт келип жатса, уйго киргизип койгонур эмненер? Ал окмоттуку, уйго киргизип алган бул кылмыш. Эми мыйзам жузундо иш жургузулот.
+2
Aznazalai
2018-01-26 16:57:10
Туштон кийин актанбай эле койчу автор.Кандай максатта алып кирдин эле корооно.Эми сенин эшигинди такылдатып чакырып анан мусорун таштап кетмек беле Эл!
+11
take19
2018-01-26 17:10:23
Өзүм билемдик да. Анан кайра догурунуп жазып коёт уялбай.
+7
mari20
2018-01-26 17:22:19
Мамлекеттин мулкуно тийбеш керек болчу автор.Кызыксынар го,эми Эл сиздердин короонорго кирип таштанды таштайбы????.
+6
Azkoni
2018-01-26 18:19:08
mari20,туура айтасын.тосмосу да бийик экен.
+4
kanysh
2018-01-26 17:35:15
Башка жерге жылдырып койсо болот да. Таштандыларды деле сасыганча алып кетишер.
+6
Jazdyn_tany
2018-01-26 17:55:23
КРда Мыйзам иштебейт деп ыйлактайсыңар. Мыйзамды иштетип жоопко тартса дагы мойнуңарга албайсыңар, меники туура деп. Америка ж.б.мыйзам катуу иштеген өлкөлөрдө дароо эле жазаланмак!
+7
Akyl.84
2018-01-26 18:21:02
Ал деген таштандыны таштабоо учун короосуна киргизип койгонго менин тушунугум,окмот дагы караштырып койуп берсе болмок экен.
-2
Azatbek83
2018-01-26 18:28:00
Akyl.84,Жок дым дым болсо менчик болуп калат анан тоок кана куруп алам деген окшойт да;
+1
Aikoo2014
2018-01-26 18:31:32
Akyl.84,
Менда сиз ойлогондой ойдо калдым. Албетте терезенин тубундо жагымгыз жыт келип жатса, ал мусорго деп жолбун иттер келип жатса алып коётда. Азырго кыш жыты анчейин билинбейт, эртен жайда уйдун ичин каптап кететго.
+2
Azatbek83
2018-01-26 18:25:37
Аны буну койгула оздору жакшылык менен чешишип алышсын.Ошондо Сокенин жердештери Жээнбеков деп кочосунда ат койушуп алыштыбы?
-2
Aznazalai
2018-01-26 22:45:55
Azatbek83,Жээнбеков эмне мырза акелик беле.Соз деп эле суйлобочу
+2
gulzat85
2018-01-26 22:46:34
Ээлик кылып алайын десе керек ой тобоо
+1
jazgul1992
2018-01-29 16:19:24
сассып атат деп уйуно алып кирип алган эмнеси? бир туруп кулкум келсе бир туруп жинип келтат тооообааа.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан