Ит-мышык баккан атактуулар. Америкалык ырчы Мэрайя Кэри күчүктөрү менен кошо саякаттаса, ырчы Асема мышыгы үчүн айына 7 миң сомго жакын каражат корото турганын айтты

Дүйнөлүк жылдыздар ит, күчүк же мышык, айтор кичинекей үй жандыктарын багып, ал гана эмес үй жаныбарларын социалдык тармактын жылдызына айлантып жиберишет. Бул алар үчүн көнүмүш адат. Мисалы, белгилүү америкалык актриса Пэрис Хилтондун ит-күчүктөргө жакын экенин бардык күйөрмандары билишет. Ал учурда 35 үй жаныбарын багат жана алардын көбү социалдык тармактын "жылдыздары". Актриса кичинекей, баштыгына бата турган күчүктөрдү жактырат. Чет элдик басылмалардын жазганына таянсак, Хилтон аларды багуу үчүн жылына болжол менен 100 миңдеген долларларды сарптайт.

Пэрис Хилтон

Ал эми дагы бир америкалык актриса Сальма Хайектин чет элдик басылмаларга берген маектерине таянсак, көчөдө кароосуз жүргөн жаныбарларды көрсө, кайдыгер мамиле жасап, жөн өтүп кете албайт. Сөзсүз түрдө ал жаныбарды үйүнө алып барып, өзү багып жаткан ит-мышыктарынын катарына кошот.

"Мага кароосуз калган жаныбарларды таштап кеткенден көрө күйөөмө "сенин көзүңө чөп салдым" деп айтуу оңойдой сезиле берет", - дейт актриса.

Сальма Хайек

Америкалык ырчы Мэрайя Кэринин Ча Ча жана Жилл Е деген күчүктөрү бар. Ырчы күчүктөрү менен бирге ар кайсы өлкөлөргө саякатка чыга турганын чет элдик маалымат каражаттары жазып жүрүшөт. Ошондой эле ырчы күчүктөрүн атайын иттердин сулуулук салонуна алып барып, алардын тырмактарын иретке келтирип, массаж жасатып турарын айтып келет.

Мэрайя Кери

Ал эми орусиялык алып баруучу жана ырчы Ольга Бузова да кичинекей күчүктөрдү жактырып, аларды үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү катары санай турганын орус басылмаларга айтып келет. Учурда Ева жана Челси деген эки күчүгү бар.

Ольга Бузова

Ал эми Кыргыздын белгилүүлөрүнүн арасынан ит-мышыкты абдан жакшы көрүп, аларды кастарлап баккандар дээрлик жокко эсе. Шоумен Бакыт Байсариев Алабай породасындагы иттерди жактыра турганын айтып, аталган породадагы итти багып жүрүп, кийин туугандары жайлоого мал кайтарганга сурашканынан аларга берип койгонун айтты.

"Алабайды 1 жылдай бактым. Айына 3 миң сомго жакын акча коротуп, атайын иттердин тамактарын сатып берип турчумун. Кийин туугандарым сурап, жайлоого алып кетишкен. Азыр үйдө бир мышык бар. Анын аты деле жок, кайдан келип калганы да белгисиз. Ач калбасын деп тамак-аш берип коюп турабыз", - деди ал.

Асема Токтобекова

Ырчы Асема Токтобекова балдары мышыкты жакшы көрө турганын айтып, алар үчүн атайын шотланд мышыгын сатып алганын билдирди.

Якоб

"Бул мышыкты атайын балдарыбыз үчүн сатып алганбыз, аты Якоб. Породасына жараша баасы да, ай сайын тамызып турган дарысы да кымбат. Андыктан, айына болжол менен 7 миң сомдой акча коротобуз. Дарылабай койгон болбойт, кокустан ооруп калган болсо, балдарга зыяны тиет деп сарсанаа боло берем. Ал эми атайын мышыктарга арналган тамак-аштарды сатып бербестен, өзүбүз жеген тамактар менен эле багабыз", - дейт ырчы.

Съездбек Искеналиев

Мышык баккандардын катарын ырчы Съездбек Искеналиев да толуктайт.

Граф

"Үйдө Граф деген мышыгыбыз бар. Абдан таза, акылдуу. Балдарым аны кичинекей баладай эле карап, камкордук кылышат. Атайын мышыктар жей турган тамактарды сатып берип, жылына бир жолу эмдетип турабыз", - дейт ал.

Айнура Салахидинова

Ал эми ырчы Айнура Салахидинова элден өзгөчөлөнүп, үйүндө тоту куш кармай турганын билдирди.

Кеша жана Катя

"Көп кабаттуу үйдө жашагандыктан, ит-мышыктарды бакканга шартым жок. Балдарым тоту куштарды абдан жакшы көрүшкөндүктөн, алардын тилегин орундатып Кеша жана Катя деген эки тоту куш сатып алганбыз. Тоту куштар сөзсүз түрдө түгөйү менен болуш керек экен. Бир жолу балам ойноп жатып, бирөөсүн аш айры менен сайып өлтүрүп алган. Анын ордуна башка тоту куш сатып келип кошуп койгонбуз. Атайын өзүнүн жеми менен багып, алма жана сабиз туурап берип турабыз", - дейт ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Kojo1995
2018-01-30 12:13:31
Биздикилерге эмне жок десең мышыгына 7 миң, анан налогтон качышат
+3
subankul
2018-01-30 12:23:07
Мен өзүмө 7000 коротпойм айына.
+25
nurgaz
2018-01-30 12:30:21
Уйдо мышык баксан жакшы эле, а ит баккан харамго.
0
jarkyn_jakta_jasha
2018-01-30 12:43:57
nurgaz,дооруробо
-11
MUHLISA
2018-01-30 18:47:01
jarkyn_jakta_jasha,туура эле айтып жатат.Зарылчылык болбосо мал бакпаса ит багуунун кереги жок.Эгер мал карап ит багууга туура келсе, үйдөн обочо байлап кармоо керек.Ит бар үйнө периште кирбейт.
+7
RusMos76
2018-01-30 12:33:58
Бизде пенсия 1800сом алышат го, ошондо 3,5 адамды бакса болот экен 7000сомго.
-2
Pandora
2018-01-30 12:36:38
Мага жакпайт жаныбарларды уйдун ичинде баккан,мышыкты вообще жаман кором иттиго короодо бакса болот.Уйдун ичине алып киргенден жийркенем мин таза болуп салондон келсе да.Жаныбарлардын бир жыты бар баары бир
+1
daniel87
2018-01-30 12:45:53
Pandora,туура айтасыз мышыкты эч жиним суйбойт жыттары бар
-4
jasgul
2018-01-30 14:56:16
Pandora,туура, анын устуно мышыктан таксоплазма деген вирус жашайт. Ал адамга жукса энеден балага отуп, балан майып торолуп калуусу мумкун. Тошогонуно жаткырып албастан сылап-сыйпап, оз ордунда багыш керек. Чычкан кармай турган сарайга дегендей
-9
tmttmt
2018-01-30 12:40:59
мышыкты өллө жаман көрөм
бир кошунабыз өзү жебеген сосиска колбасалар менен багат уколдотуп дары берип ит мышыгын кучактап көтөрүп жүрөт
-5
bond02
2018-01-30 13:15:01
Асемага караганда мышыгы кымбат турат окшойт.
-3
Begimkyz.
2018-01-30 13:36:52
Кешанын маанайы жок го)))
-9
luuntik
2018-01-30 14:40:44
ит, мышыктарга караганда тоту куш жакшыго
-8
dinar-87
2018-01-30 14:59:22
Салон менен масажга алып барып турабыз дейби озум салонго барбаганыма канча болуп кетти
-9
-Sumitra-
2018-01-30 15:05:14
Мен да мышыкты жаман кором.Жийиркеничтуу болот го тообо кылдым.
-10
muzhik_18
2018-01-30 17:04:41
андан коро 3-4 саан уй баксанар, киреше да берип турмак.
-10
mir996
2018-01-30 18:32:09
Биздин ырчыларыбыз эмнеси болсода мусулманго, ошол ит-мышыгына акча короткуча, жетим-жесирлерге жардам беришсе, чон соопко калышмак...
+6
Elmira8084
2018-01-31 05:32:22
Айнура абжебиз тоту куштарынын астын тазалап койсо болмок экен.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан