"Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айылында адамдын тынчын алган чөөлөр пайда болду, аны атып жок кылгандарга кызыктыруучу сыйлыктар болобу?" деп окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу суроо салды.
"Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айылында 2-3 жылдан бери адамдын тынчын алган чөөлөр пайда болду. Алар үй жаныбарларын, козу-улактарды, тоокторду жеп, түнкүсүн жагымсыз үндөрдү чыгарышат. Ал гана эмес, мүрзөлөрдү казып салган учурлар катталганын эл айтып эле жүрөт. Буга байланыштуу айылдан 4 чөө өлтүрүлдү. Экөө капканга түшсө, экөө атып өлтүрүлгөн. Бул жырткыч жаныбарларды азайтуу максатында Кыргыз өкмөтүнөн же Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу департаментинен мергенчилер үчүн кандайдыр бир кызыктыруучу сыйлыктар уюштурулабы?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.