Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG`нин Түз эфиринде ырчы Мирбек Иманбеков конокто болот

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу - мындан бир канча жыл мурун Кыргыз эстрадасына жарк этип кирип келип, канчалаган күйөрмандарды топтогон ырчы Мирбек Иманбеков.

Сахнага жаңы кадам шилтеген кези

Алгач "Таластык кыз" деген ыры менен сахнага кадам шилтеп, тез убакыттын ичинде жылдызы жанган ырчы 1985-жылы 25-ноябрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда туулган. Мектепти аяктаган соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият университетинин хордук дирижёрлук бөлүмүндө окуган. Анын "Сүйүүнүн керемети", "Түн чүрөгү", "Секетим", "Жаз" деген ырлары азыркыга чейин угармандарын жоготпой келет.

Ырчы үй-бүлөлүү. Учурда Арууке аттуу кыздын жана Чынтемир деген уулдун атасы.

Соңку жылдары сахнадан көп көрүнбөй калган Иманбеков "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде үйдүн кичүү уулу болгондугуна байланыштуу айылга көчүп кеткенин айткан. Ал ата-энесине татыктуу карылык тартуулоо үчүн алардын жанында болууну туура көргөн.

Мирбек Иманбековго арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот. Ырчы бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп берет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

31-январда SUPER.KG'нин түз эфиринде Мирбек Иманбеков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Tortkul2017
2018-01-29 12:45:51
Ошо балдарынын келечеги, ата энем леп айылга кетти да, ошодон кийин сыйлап калдым,Ааламга жол айылдан башталат, айылда эмне экинчи сорттогу адамдар жашайт беле аброюн түшүргүдөй
+13
Mers124
2018-01-29 12:49:44
Аракты таштадынбы.
-5
wirintai27
2018-01-29 15:08:38
Саламатсызбы Мирбек байке ?Корунбой кеттиниз го Эмне менен алек болуп жатасыз азыр .Качан жаны ыр чыгарасыз?
+3
Aikan1966
2018-01-29 15:14:07
Кайсыл жакта журсо деле чыгармачылыкты таштабаса болду да,айылда тойлор коп акча табам десе.Мирбек жакында баламдын тою болот ставкан канча тел.номеринди берсен балама сенин унун жагат.Сага чыгармачылык ийгилик каалаймын.
+3
Aitik
2018-01-29 21:20:28
Башына койгон видео кордум эле ошол турбайбы билишимче
-1
AlibaevO
2018-01-30 00:05:29
Mirbek baike chygarmachylygynyzga ilglk siz talanttu baldardy tarbyalap chygarbaisyzby deimda?
0
arzygulR
2018-01-30 02:23:55
Талантынызга ийгилик таланттуу ырчы
+1
Anarushka
2018-01-30 08:49:07
Саламатсазбы? Ата Энениз жонундо айтып беринизчи.сиз аларга кантип сый корсотосуз?
0
anelya_kaparova
2018-01-30 09:12:01
саламатсызбы, Мирбек мырза. Мен учурунда сизди аябай жакшы көрүп, чыгармачылыгыңызды баалаган күйөрмандардын бири элем. Сизге деп арнап ыр да жазгам, азыр ал кайда калганын билбейм) Бактылуу болуңуз, чыгармачылыктан алыс кетпеңиз, өзүңүздү колго алып, мурдагы ийгиликти кайра жаратыңыз! бул үчүн сизде бардыгы бар! Аша чапкан күйөрман кыздар жөнүндө айтып бериңизчи, болгон беле ошондойлор?
0
ariet.kaary90
2018-01-30 15:01:35
Мен сурооо бейин дегем кандай суроо берсем жетет
0
Arti
2018-01-30 17:31:29
Кызганам деген клибинзде тошунузду ачып, киндигизге чейин корсотуп тушконсуз. Ошол маалда мода беле?))
+1
Aitik
2018-01-31 09:40:12
Баш эмне болду
0
Dina.janym
2018-01-31 13:49:41
Мирбек Иманбеков кезинде жарк эткен жылдыздуу, үнү да өзгөчө уккулуктуу Ырчы катары эсибизде калды. Айтаарым дагы да элге сиңимдүү, уккулуктуу ырларыңызды чыгарсаңыз кубанычта болот элек. Таластык жигиттин таңшып ырдаганын Сагынып калдык...!!!
0
Adelya.kg
2018-01-31 15:19:51
Саламатсызбы Мирбек байке ишинизге илгилик! Менин суроом сиздин видеоңуз интернет тармагына тарап кеткенден кийин эле эл алдында чыкпай калдыңыз себеби эмнеде ?
0
Laguna2017
2018-01-31 15:20:09
Башка ырчылардын ийгиликтерин коруп, мен деле ийгиликтерге жетсем болот эле дейсинерби, же уй-булом балдарым, ата-энем жанымда ошол менин ийгилигим дейсинерби? Рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан