Чехиянын өлкө башчысы болуп кайрадан учурдагы президенти шайланды

Чехияда 26-27-январда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында аталган өлкөнүн учурдагы президенти Милош Земан утуп чыгып, дагы 5 жыл өлкөнү башкармай болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, президенттик шайлоонун экинчи айлампасына 2 талапкер катышкан. Алар учурдагы президент Милош Земан жана Чехиянын Илимдер академиясынын мурдагы башчысы Иржи Драгош. Анда Милош Земан шайлоочулардын 51,36 пайыз добушун алса, 48,63 пайыз шайлоочу өз добушун анын атаандашы Иржи Драгошко берген. Шайлоого Чехиядагы бардык шайлоочулардын 67 пайызы гана катышкан.

Айта кетсек, 12-13-январда өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасында президенттикке 9 талапкер ат салышкан. Алар: Милош Земан, Иржи Драгош, Павел Фишер, Петр Ганниг, Марек Гилшер, Михал Горачек, Иржи Гинек, Вратислав Кулганек жана Мирек Тополанек. Анда Милош Земан шайлоочулардын 38 пайыз добушуна ээ болгон болсо, Иржи Драгош 26 пайыз шайлоочулардын добушун алып, шайлоонун экинчи айлампасына катышууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Белгилей кетсек, 73 жаштагы Милош Земан 2013-жылдан бери Чехиянын президенти болуп иштеп келе жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан