Бүгүн, 28-январда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде ырчы Малика Динанын аткаруусундагы "Айтчы себебин" аттуу клибинин бет ачары болуп өттү. Клип тар чөйрөдө көрсөтүлүп, ага кыргыз эстрада жылдыздары жана журналисттер катышты.
Аталган клип Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринде тартылып, ага казак актёру Еркебулан Токтар катышкан. Чыгарманын сөзүн акын Гүлмира Рыспаева жазса, обонун Рамис Алиев чыгарган.
"Клиптин идеясы топто иштеген бардык адамдарга таандык. Еркебулан менен "Зор" тасмасынын жабык көрсөтүүсүндө таанышканбыз. Ошондо анын тасмадагы актёрлук чеберчилигин байкап, кийин клипке тартылып берүүсүн продюсери менен сүйлөшкөм. Анын Бишкекке келип кеткен жол акысын, тамак-ашын, жашаган жерин жана гонорарын төлөп бердик", - дейт Малика.
Ал эми казак актёру Еркебулан Токтар: "Клипте роль жаратуу оңой эле болду. Себеби топто 20дай адам иштеп, тартуу иштери эки күндө эле бүттү. Гонорар тууралуу эч нерсе айта албайм, аны продюсерим билет. Учурдан пайдаланып Маликаны куттуктайм", - деди актёр.
Малика Дина ушул жылдан баштап продюсер Канат Кадыржан менен иштешүүнү баштаган. Бул тууралуу ырчынын апасы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова кошумчалап өттү.
"Бүгүн кызым үчүн кош майрам. Себеби кыйынчылыктардан кийин Малика жаңы клип тартты. Андан сырткары ага жаңы машина алып бердик. Бул клипке көп киши салым кошту, анын ичинде продюсери Канат Кадыржан дагы. Мен Маликага канча жолу чыгармачылыкты таштап эле койчу деп айткам. Бирок элдин суранычы менен кайрадан ыр жаздырып, клип тарттырды. Бүгүн көптөн бери көрүшө элек жакын адамдарыбыз менен жолугушуу кечеси менен биргеликте клиптин бет ачарын өткөрүүнү чечтик", - дейт Акулова.
Малика Динанын аткаруусундагы "Айтчы себебин" аттуу клипти жакынкы күндөрү SUPER.KG порталынан биринчилерден болуп көрө аласыздар.