Финляндияда өткөн президенттик шайлоодо Саули Ниинистё жеңишке жетти

2018-жылдын 28-январында Финляндияда президенттик шайлоо өттү. Бюллетендердин 100 пайызын текшерип чыккан соң, учурдагы президент Саули Ниинистё шайлоочулардын 62,7 пайыз добушун алып, жеңүүчү аталганын чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, Пекка Хаависто 12,3 пайыз, Лаура Хухтасаари 6,9 пайыз, Пааво Вяюрюнен 6,2 пайыз, башка талапкерлер беш пайызга жетпеген добуш алышкан.

"Мен ыраазымын, элдин колдоосу мага жүктөлгөн чоң жоопкерчиликти айтып турат. Мен жарандардын ишенимине жооп беришим керек", - деп билдирди Саули Ниинистё.

Президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы 30-январда айтылат.

Айта кетсек, Саули Ниинистё 2012-жылдын 1-мартындагы президенттик шайлоодо утуп чыккан. Ага чейин ал эки жолу Финляндия парламентинин депутаты болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ajydaar
2018-01-29 09:17:11
Саули ака ишинизге ийгилик
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан