Интернетке Samsung Galaxy S9 жана S9+ смартфондорунун алдыңкы көрүнүштөрүнүн сүрөтү тарады.
Чет элдик маалымат булактары жазгандай, смартфондордун жаңы үлгүсү мурунку смартфондордон көп деле айырмаланбайт. Galaxy S9 - экранынын узундугу 14 сантиметр 7 миллиметр, 4 гигабайт оперативдүү жана 64 гигабайт болгон эс-тутумга ээ. Ал эми S9+ смартфону - экранынын узундугу 15 сантиметр 7 миллиметр, 6 гигабайт оперативдүү жана 128 гигабайт эс-тутум киргизилген.
Ошондой эле жаңы үлгүдөгү смартфондор 12 мегапикселдүү камерага ээ болуп, секундасына 480 кадр сүрөт тартуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Мындан сырткары, Samsung Galaxy S9 жана S9+ жаңы уюлдук телефондорунда адамдын жүзүн таануучу системи жакшыртылып, манжа издерин басуучу сенсору камеранын жанында эмес, астында жайгашкан. Жаңы үлгүдөгү смартфондорду элге расмий жарыялоо 25-февралга белгиленген.