Америкалык миллиардер Билл Гейтс кирешелүү уйлардын тукумун алуу үчүн 40 миллион доллар жумшады

Америкалык миллиардер Билл Гейтс кирешелүү уйлардын тукумун алуу үчүн 40 миллион доллар жумшады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Билл Гейтс эт, сүт багытындагы уйлардын тукумун алууну максат кылган. Бул акчалар генетикалык изилдөө үчүн GALVmed уюмуна берилген.

"Уйлардын жаңы түрү сүттүү уйлардай эле сүт берет, бирок алар ысыкка чыдамдуу келишет. Бул кирешелүү уйлар дүйнө жүзүндөгү эң кедей аймактардын жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөшөт",- деп билдирген Гейтс.

Генетикалык өзгөрүүлөрдүн жардамы менен уйлар азыркыдан кирешелүү болуп, чөптү жана жемди аз жейт.

Билл Гейтс - дүйнөдөгү "Билл жана Мелинда Гейтс" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү болуп эсептелет. Миллиардер кедей аймактардагы ооруларга каршы күрөшүү, вакциналарды иштеп чыгуу жана жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн өз эсебинен акча бөлүп тургандыгы тууралуу да жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
RusMos76
2018-01-29 13:38:38
Бизге дагы 100уй букасы менен жонотсо кобойтуп алат элек.
+1
kechirmeni
2018-01-29 13:42:00
Соке да откондо уйларды онуктуруш керек деп атты эле экоонун ою бир жерден чыкты го.
+6
Talgat89
2018-01-29 13:47:18
Мына ушундай. А бизде президент уй багып бизнесинерди онуктургуло десе чычалап чыгышты эле. Кыргызга эчтеке жакпайт да озу, любой нерсени тескери тушунгонго маш болуп калышкан.
+8
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-29 15:41:09
Чын уй бакканыбыз он бирок анын сутун кайда сатабыз. Элдин бары уй багып алса
-1
Aiba90
2018-01-29 17:17:59
Bolunbo.kyrgyz,Тууганым сен биринчи бага бер создон ишке отуп кем болбойсун.
+3
Kuba-savai87
2018-01-29 19:34:58
Азамат ушундай кайрымдулук иш кылгандарды жактырам АЛЛА ыраазы болсун.
+1
kechirmeni
2018-01-30 09:53:12
Откондо Мирзиеев тоок багыш керек деп атты эле тоок да жакшы нерсе. Уй баксан чоп камдаш керек. Эшегинен чому кымбат дегендей чоп да кымбат азыр. Андыктан тоок жакшыраак вариант.Эгин бышкан убакта жемди арзан алып алсан, тооккананы жакшылап салып бит жолотпой маалы менен олотко каршы уколдотуп турсан тоок да жакшы. Тукумун сатып ашыкча короздорун союп жеп турасын. Уйга караганда туйшугу женилирээк
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан