“Кызды силерге калтырдым, бактылуу болсун! Кызым үчүн кайра келбейм, салмагы 2,5 килограмм” деп кат жазып, ымыркайын таштап кеткен эне изделүүдө

5-июнда саат 21:00 чамасында Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында белгисиз жаран жаңы төрөлгөн ымыркайын бирөөнүн эшигинин алдына таштап кеткен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Кечинде 50 жаштагы үй ээси жубайы менен эшикке чыгып, оролгон ымыркайды көрүшкөн. Таштанды кыздын жанында баштыкка салынган кийими жана “Кызды силерге калтырдым, бактылуу болсун! Кызым үчүн кайра келбейм, салмагы 2,5 килограмм” деген кат болгон. Таштанды кызды медицина кызматкерлери текшеришип, ден соолугу жакшы экени белгилүү болгон. Маалыматка ылайык, кыздын төрөлгөнүнө 10 күндөй болгон. Учурда баласын таштап кеткен эне изделүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
menedjer
2013-06-07 17:36:37
бироого зар ,бироого кор дуйно!
0
tynara81
2013-06-07 18:17:30
Дагы бири таштады, бирок тируу таштаганына шугур, олтурбой.
0
altinim
2013-06-07 21:32:58
tynara81, дааа туалет таппай калгандыр да карангыда , кызыыык бизге кандай дуа кетти дейм да жума сайын созсуз жинге тийчу нерсе болот
0
ebba
2013-06-07 20:19:59
Torogon ene kantip jurogu chydap tashtady eken ehh!!!
0
nazira1989
2013-06-07 20:31:19
Кукук эне дагы учуп кетти да,уя издеп...Аллах Таалам ыйман,ынсап,акыл берсинчи...
0
Debi
2013-06-07 20:52:59
Оо, Кудайым, ушул эне-баланы кошо көр!
+1
shiko
2013-06-08 03:27:55
эээх акмак десе,журогун эзилип аткандыр...балким ишенгени таштап кеткендир, куноо эркек да бар го созсуз,кантип журогун чыдады экен
0
tynara81
2013-06-08 09:47:05
Алардагы журок кандай дейм да. Менин балдарымдын бир жери ооруса журогум сыйрылып, он эки мучом сыздайт. Бала- боор эт менен барабар дейт го...
0
belosnejka1
2013-06-11 09:53:13
Биздин мамлекеттин алсыздыгы. Башка мамлекеттерде жалгыз бой энелерге жардам берилет. Окуусу бекер, бала бакчасы, тамагына да акча беришет.Биздечи? Канча бала томолой жетим, таштанды же ата энесинин курман. Качан биздин бийлик онолот экен а? Мен да онуккон мамлекеттин жараны болгум келет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан